Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды
Экономика жана коммерция министрлигинде 20-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдады.
Жолугушууга министрдин орун басары Султан Ахматов жана ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев катышты.
Анда талкууланган негизги маселелер төмөнкүлөр болду:
• Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо;
• Жүк ташуудагы тоскоолдуктар жана антидемпингдик алымдар;
• Россиядагы СПОТ системасынын колдонулушу;
• ЕАЭБ алкагындагы кооперациялык долбоорлорду колдоо.
Маалыматка караганда, анда ишкерлер өз көйгөйлөрүн түздөн-түз айтып, аларды чечүү жолдорун мамлекеттик органдар жана ЕЭК өкүлдөрү менен талкуулашты.