Баткенде көмүрдүн бир кабы 360 сомдон сатылууда
Баткен шаарына калкты жеткиликтүү баада көмүр менен камсыз кылуу максатында арзандатылган көмүрдүн кезектеги партиясы жеткирилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, учурда көмүр Кызыл-Жол жана Кызыл-Дөң аймактык башкармалыктарында сатыкка чыгарылды.
Бир кабы 360 сомдон берилип жатат.
Мэрия бул демилге кыш мезгилинде элди арзан көмүр менен камсыз кылууга багытталганын билдирди.