Төрага АКШ элчисине визалык шарттарды жеңилдетүү өтүнүчүн билдирди

Төрага АКШ элчисине визалык шарттарды жеңилдетүү өтүнүчүн билдирди

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алып, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушууда парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү, эки тараптуу диалогду жандандыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан АКШ менен бардык багыттарда кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экенин белгилеп, парламенттик дипломатиянын маанилүү ролуна токтолду. Ал ошондой эле АКШнын көз карандысыздыгынын 250 жылдыгы менен элчини куттуктады.

Жолугушууда кыргызстандыктар үчүн виза маселеси да көтөрүлдү. Маматалиев визалык шарттардын катаалдашы жана күрөөнүн киргизилиши боюнча тынчсыздануусун билдирип, бул маселени кароого көмөктөшүүнү өтүндү.

Өз кезегинде элчи Лесли Вигери АКШ Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө маани берерин белгилеп, виза талаптары коопсуздук жана мыйзам бузууларды алдын алуу максатын көздөөрүн түшүндүрдү.

АКШ тараптын маалыматына ылайык, айрым өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн B-1/B-2 визасынын мөөнөтү кыскарып, айрым учурларда виза күрөөсү киргизилүүдө.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирип келет.

Мындан тышкары окуңуз

Медер Абакиров Черногориянын туризм министри менен жолугушту

Медер Абакиров Черногориянын туризм министри менен жолугушту

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Черногориянын туризм министри, БУУнун Туризм боюнча Европа комиссиясынын төрайымы Симонида Кордич менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар туризм тармагындагы кыргыз-черногориялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Анын ичинде өз ара туристтик алмашуу, түз аба каттамдарын көбөйтүүнү жана жарандардын өз

Жумгалда уруксат документтери жок иштеген кафе буздурулууда

Жумгалда уруксат документтери жок иштеген кафе буздурулууда

Нарын облусунун Жумгал районунда Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун боюнда уруксат документтери жок иштеп келген коомдук тамактануу жайы буздурулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан жол боюндагы тейлөө объектилерин мыйзамсыз жайгаштырууга жол бербөө максатында

Кадамжайда 7 чакырымдык Охна сайынын нугу тазаланып жатат

Кадамжайда 7 чакырымдык Охна сайынын нугу тазаланып жатат

Кадамжай районунун Бостон, Жоо-Кесек, Кара-Кечүү жана Учкун айылдарында Охна сайынын нугу тазаланып жатат. Бул тууралуу аймактык жетекчиликтин басма сөз кызматы билдирди. Жалпы узундугу 7000 метр болгон сайдын нугунан чогулган ылай, таштанды жана агымга тоскоол болгон башка нерселер тазаланып, суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылып жатат. Маалыматка ылайык, тазалоо иштери сел

Ош облусунда 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды

Ош облусунда 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды

Ош облусунда Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузган 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, УКМК ички иштер органдары менен биргеликте миграциялык мыйзам бузууларды аныктоо жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында "Нелегал" аталышындагы рейддик иш-чараларды өткөргөн.