Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда
Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт.
Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен модернизацияланды. Ошондой эле окуу класстары, китепкана, ашкана жана жыйындар залы заманбап талаптарга ылайык оңдолду.
Жалпы аянты 10 миң 650 чарчы метрди түзгөн мектеп-интернат үч корпустан турат. Имарат 1963-жылы 800 орунга ылайыкталып курулган. Ошондон бери анда толук капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн эмес.