ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди.

Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери талкууланды. 

Акунбековдун айтымында, агроөнөр жай комплексиндеги өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү - экономиканын маанилүү багыттарынын бири.

Өз кезегинде Гоар Барсегян Кыргызстандан өндүрүш секторун жана агрардык экономикасын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерин колдоого Евразия экономикалык комиссиясы даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, тараптар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин агроөнөр жай комплексиндеги биргелешкен кооперациялык долбоорлорун тандоо жана ишке ашыруу үчүн каржылык колдоо көрсөтүү механизмдеринин алкагында кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media
15 млн сомдук алдамчылыкка шектелген жаран Молдовадан экстрадицияланды

15 млн сомдук алдамчылыкка шектелген жаран Молдовадан экстрадицияланды

Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн жаран Молдовадан Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, А.Р. аттуу жаран Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Молдованын компетенттүү органдары менен кызматташуусунун натыйжасында өлкөгө кайтарылган. Учурда ал тергөө абагына киргизилди. Тергөө версиясына ылайык, шектүү жарандардын ишенимине кирип, автоунааларды алып берүү

Ишкер Media
Ошто курулуш компаниясына кайрадан айып пул салынды

Ошто курулуш компаниясына кайрадан айып пул салынды

Курулуш министрлиги бүгүн, 20-октябрда Ош шаарында жаңы курулуп жаткан 10 кабаттуу турак жайга кайрадан текшерүү жүргүзүлгөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, аталган объектте буга чейин курулуш ченемдери, техникалык коопсуздук эрежелери жана курулуш аянтын көрктөндүрүү талаптары сакталбагандыгы үчүн подряддык уюмга айып пул салынып, тиешелүү эскертүү берилген. Кайра текшерүүнүн жүрүшүндө коюлган талаптар

Ишкер Media