Комитетте геопарктарды түзүү боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Комитетте геопарктарды түзүү боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

22-июнда Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин кезектеги жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдагандай, жыйындын жүрүшүндө депутаттар Камила Талиева жана Марлен Маматалиев демилгелеген “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр талкууланды.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору геопарктардын улуттук тармагын түзүүгө, уникалдуу геологиялык объектилерди сактоого жана туруктуу туризм аркылуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган.

Эл өкүлү Камила Талиева геопарктардын коом үчүн маданий жана социалдык мааниси чоң экенин белгилеп, экологиялык аң-сезимди жогорулатуу жана жаратылыш мурастарын сактоо зарылдыгын белгиледи.

Талкууда депутат Махабат Мавлянова демилгени колдоп, өлкөнүн 94%ын тоолор түзөрүн, геопарктарды өнүктүрүү жергиликтүү калктын кирешесин жогорулатууга өбөлгө болорун айтты. Ошондой эле экологиялык жана санитардык талаптарды сактоонун маанилүүлүгүнө токтолду.

Депутат Алишер Козуев туристтердин санын көбөйтүү жана маалыматтык саясатты күчөтүү зарылдыгын белгилеп, жерлерди трансформациялоо маселеси боюнча тактоочу суроолорду узатты. Өз кезегинде Министрлер кабинетинин өкүлү бул багытта мыйзам чегинде бардык маселелер чечилерин билдирди.

Ошондой эле жыйында депутаттар Камила Талиева, Марлен Маматалиев жана Болот Борбиев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө” мыйзам долбоору да каралып, биринчи окууда жактырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media