Кыргызстанда президенттик шайлоо 27-январда өтүшү мүмкүн

Кыргызстанда президенттик шайлоо 27-январда өтүшү мүмкүн

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 27-январда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу 24-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, депутаттар кабыл алган мыйзам долбооруна ылайык, президенттик шайлоону өткөрүү күнү боюнча жобо өзгөртүлдү. Буга чейин шайлоо январдын акыркы жекшембисине белгиленсе, эми акыркы шаршембисинде өткөрүлөт.

Маматалиев мындай өзгөртүү элдин шайлоого катышуусун камсыздоо максатында сунушталганын белгиледи. Анын айтымында, буга чейинки шайлоолордо жарандардын катышуусу төмөн болуп келген.

Төрага президент жаңы мыйзамга кол коюп, ага жараша шайлоо өтүүчү күндү белгилөөсү керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 24-июнда "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Азыркы президент Садыр Жапаров 2021-жылы январда мамлекет башчысы болуп шайланган. Кийинчерээк кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык, бул биринчи президенттик мөөнөт катары эсептелет. Ошондой эле 5 жылдык дагы бир мөөнөткө гана шайланууга укугу бар.

Буга байланыштуу жаралган талкуулардан кийин Конституциялык сот 2027-жылы президенттик шайлоо өткөрүлөрүн жана ошол учурда президенттин биринчи мөөнөтү аяктай турганын белгилеген чечим чыгарган.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media