Кыргызстан менен Кытай биргелешкен долбоорлорду талкуулашты

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен долбоорлорду талкуулашты

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон иш сапарында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Дин Сюэсян менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн лидерлери жетишкен макулдашууларды ишке ашыруу жана саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташууну мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары катары алгачкы жумуш сапары менен келгенин белгилеп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелер жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлүп, ар тараптуу өнөктөштүк бекемделип жатканын айтты.

Анын айтымында, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин ортосундагы ишенимдүү мамиле эки мамлекеттин кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүдө.

Жолугушууда ошондой эле эки өлкө үчүн маанилүү болгон ири инфраструктуралык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду. Алардын катарында Кыргызстан–Кытай–Өзбекстан темир жолу, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Бедел" өткөрмө бекетинин ачылышы жана "Барскоон – Бедел – Учтурфан – Аксу" автожолунун курулушу бар.

Өз кезегинде Дин Сюэсян кытай тарап Кыргызстан менен биргелешкен бардык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, Синьцзян-Уйгур автономдуу району аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүн камсыздоо жана чек ара өткөрүү бекеттеринин үзгүлтүксүз иштешин колдоо боюнча бардык зарыл чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө каралган демилгелерди жакын арада өтө турган кыргыз-кытай өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык комиссиясынын жыйынында жана Кыргызстанда уюштурула турган Шанхай кызматташтык уюму саммитинде документтер менен бекемдөө зарылдыгын белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media