Кыргызстан менен Грузия салыктык башкаруу жаатында тажрыйба алмашат

Кыргызстан менен Грузия салыктык башкаруу жаатында тажрыйба алмашат

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Грузиянын жергиликтүү салык органынын ишмердүүлүгү менен таанышып, эки өлкөнүн салык системалары ортосундагы кызматташууну кеңейтүүгө багытталган бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө ал Грузиянын Каржы министрлигине караштуу Кирешелер кызматынын жетекчиси Михаил Маглакелидзе менен жолугушуп, салыктык жана бажылык башкарууну өркүндөтүү, санариптик кызматтарды жакшыртуу маселелерин талкуулады.

Тараптар тажрыйба алмашууну кеңейтүү жана салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанисин белгилешти. Грузияда ишке ашырылган реформалар ийгиликтүү тажрыйбанын үлгүсү экени айтылып, Кыргызстанда да салык кызматын жаңылоо, санариптик чечимдерди киргизүү боюнча иштер улантылып жатканы белгиленди.

Ошондой эле Кыргызстанда акыркы жылдары экономикалык өсүш байкалып, салыктан түшкөн каражаттар олуттуу көбөйгөнү маалымдалды. Экономиканын негизги тармактары катары өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана айыл чарба тармагы көрсөтүлдү.

Грузия тарап эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди белгилеп, окшош экономикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ мамлекеттер катары кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Иш сапардын жыйынтыгында Кыргызстан менен Грузиянын салык кызматтары ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлуп, ал тажрыйба алмашууну кеңейтүү, санариптештирүү, аналитика жана салыктык башкарууну өркүндөтүү багыттарында өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталды.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы банктар жана башка финансылык уюмдар ортосунда төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана багыттоо иштерин камсыздай турган тез төлөмдөр системасынын бирдиктүү операторун түзүүнү сунуштады. Тиешелүү жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, жаңы система ар кандай банктарда жана финансылык уюмдарда тейленген кардарлардын ортосундагы акча которууларды реалдуу убакыт режиминде — суткасына 24

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги" эл аралык илимий конференциясынын түндүк көтөрүү аземи өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билиим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея,

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Финансы министри Руслан Суйналиев 3-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери жана Wabtec компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-америкалык финансылык-экономикалык кызматташтык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана аларды каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери талкууланды. Атап айтканда, Америка тарап Кыргызстандагы темир жол тармагында келечектүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Жарандар салыктык кызматтарды эми өздөрү колдонгон банктын мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мобилдик тиркеме аркылуу салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, салыктык карызды текшерүүгө жана электрондук патент алууга болот. Мындан тышкары, жарандар жеке ишкер катары катталып, жеке ишкердин күбөлүгүн да электрондук түрдө ала алышат. Бул үчүн