Кыргызстан-Казакстан: элчилик имараттары 49 жылга акысыз пайдаланууга берилет

Кыргызстан-Казакстан: элчилик имараттары 49 жылга акысыз пайдаланууга берилет

Казакстандын Сенаты Кыргызстан менен дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ишин камсыздоого багытталган макулдашууну күчүнө киргизди. Бул тууралуу Казакстандын парламентинин расмий сайтында жарыяланды.

Документке ылайык, эки өлкө бири-бирине элчиликтерди жана элчилердин резиденцияларын жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин жана имараттарды 49 жылга акысыз пайдаланууга берет.

Макулдашуу 2025-жылдын 22-августунда Бишкекте түзүлгөн. Казакстанда документ алгач Мажилисте жактырылып, эми Сенаттын колдоосуна ээ болду. Кыргызстанда болсо аны Жогорку Кеңеш 2026-жылдын январында жактырып, кийин президент Садыр Жапаров мыйзамга кол койгон.

Белгиленгендей, Бишкек шаарында Казакстандын элчилиги үчүн 0,75 гектар жер тилкеси жана элчинин резиденциясы үчүн 531,66 чарчы метр менен ага чектеш 0,17 гектар жер бөлүнөт.

Өз кезегинде Кыргызстанга Астана шаарынан элчилик үчүн 0,74 гектар жер тилкеси, ошондой эле элчинин резиденциясы үчүн аянты 1 267,8 чарчы метр жана ага жанаша жайгашкан 0,125 гектар жер пайдаланууга берилет.

Макулдашууда мөөнөтү аяктагандан кийин узартылышы мүмкүн экени да белгиленген. Ошондой эле берилген мүлк эки өлкөдө тең салыктардан жана жыйымдардан бошотулат.

Ошол эле учурда имараттарды куруу, оңдоо, күтүү жана коммуналдык кызматтарга байланыштуу бардык чыгымдарды ар бир өлкө өзү көтөрөт.

Казакстандын Сенаты бул макулдашуу Кыргызстан менен Казакстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн иштеши үчүн туруктуу жана өз ара пайдалуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы банктар жана башка финансылык уюмдар ортосунда төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана багыттоо иштерин камсыздай турган тез төлөмдөр системасынын бирдиктүү операторун түзүүнү сунуштады. Тиешелүү жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, жаңы система ар кандай банктарда жана финансылык уюмдарда тейленген кардарлардын ортосундагы акча которууларды реалдуу убакыт режиминде — суткасына 24

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги" эл аралык илимий конференциясынын түндүк көтөрүү аземи өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билиим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея,

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Финансы министри Руслан Суйналиев 3-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери жана Wabtec компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-америкалык финансылык-экономикалык кызматташтык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана аларды каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери талкууланды. Атап айтканда, Америка тарап Кыргызстандагы темир жол тармагында келечектүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Жарандар салыктык кызматтарды эми өздөрү колдонгон банктын мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мобилдик тиркеме аркылуу салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, салыктык карызды текшерүүгө жана электрондук патент алууга болот. Мындан тышкары, жарандар жеке ишкер катары катталып, жеке ишкердин күбөлүгүн да электрондук түрдө ала алышат. Бул үчүн