Иран жана Сириядан 551 жаран Кыргызстанга кайтарылды

Иран жана Сириядан 551 жаран Кыргызстанга кайтарылды

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Терроризмге каршы күрөш боюнча төртүнчү жумалыгында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин админстрациясынан билдиришти.

Баяндама “Куралдуу жаңжалдар болгон аймактардан кайтып келген адамдарды сот жообуна тартуу, психологиялык жардам көрсөтүү жана коомго кайра аралаштыруу жаатындагы Борбор Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбасы” темасына арналды.

Өз сөзүндө ал Кыргызстанда согуш жүргөн аймактардан кайтарылган жарандарды психологиялык жардам көрсөтүү жана коомго кайра аралаштыруу боюнча ишке ашырылып жаткан системаны баяндады.

Катчы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жүргүзүлүп жаткан мекенине кайтаруу улуттук программасынын алкагындагы иштерге токтолду.

Анын ичинде:
– “Мээрим” гуманитардык миссиясынын (2021-жыл) жүрүшүндө Ирактан 79 бала мекенине кайтарылган;
– “Айкөл” атайын операциясынын алты этабынын (2022-2024-жылдар) алкагында Сириядагы лагерлерден 470 адам, анын ичинде 150 аял жана 320 бала кайтарылган;
– 2024-2025-жылдардагы кошумча репатриация этаптарынын натыйжасында мекенине кайтарылган Кыргызстандын жарандарынын жалпы саны 551 адамга жеткен.

Адилет Орозбеков мамлекет балдардын кызыкчылыктарын коргоого өзгөчө көңүл буруп, алардын коомго толук кандуу аралашуусу үчүн социалдык, психологиялык, медициналык жана башка колдоолор көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Сейшел аралдарынын ортосунда визасыз режим киргизилет

Өлкөдө бир жумада 21 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды

Котловандан батирлерин жарнамалаган компаниянын иши токтотулду

Соң-Көлдөн 500 метр синтетикалык тор чыгарылды

DemirBankтан 100 000 сомго чейинки кэшбек менен ипотека