Кыргызстан менен Германия парламенттер аралык кызматташууну талкуулашты

Кыргызстан менен Германия парламенттер аралык кызматташууну талкуулашты

3-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германиянын парламентинин “Борбор Азия – Германия” достук тобунун депутаттары менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу Бишкектеги “Ынтымак Ордо” имаратында өтүп, анда тараптар эки тараптуу жана аймактык кызматташтык маселелерин кеңири талкуулашты.

Адылбек Касымалиев Германия Европа Биримдигиндеги Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки өлкөнүн мамилелери саясий ишенимге жана аймактагы туруктуулукка болгон өз ара кызыкчылыкка негизделгенин айтты.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстандагы туруктуу экономикалык өнүгүү, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди.

Адылбек Касымалиев Германиялык бизнес өкүлдөрүнүн Кыргызстанга болгон кызыгуусу өсүп жатканын белгилеп, агроөнөр жай, өндүрүш жана өнөр жай тармактарында ийгиликтүү ишке ашып жаткан долбоорлорго токтолду.

Германиялык тарап Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, өлкөдөгү акыркы жылдардагы өнүгүү жана реформаларга жогорку баасын берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө жана парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого даяр экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузак районунун Октябрь айылындагы сел каналынын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 19-октябрда Курулуш министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, курулуш объектисинде долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтердин толук топтому жоктугу жана курулуштун талаптары сакталбагандыгы аныкталды. Мындан улам "Мелио Строй" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул

Ишкер Media
Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Мектепте башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн 14 сом кийинки жылдан тарта 40 сомго чейин көтөрүлүшү сунушталды. Агартуу министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоорго ылайык, бир окуучунун тамактануусуна жылдык чыгым 3144 сомдон 7824 сомго көбөйөт. Бул үчүн бюджеттен кошумча 2 млрд 965 млн 907 миң 100 сом талап

Ишкер Media
Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ош шаарында курулуп жаткан 930 орундуу студенттик жатакананын курулуш аянтчасында топурактын сапатын текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен 19-октябрда маалымдады. Билдирүүгө ылайык, курулуш аянтчасындагы топурактын тыгыздыгы текшерилип, лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынды. Ал сыноолордун жыйынтыгында топурактын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү аныкталып, анын тыгыздалышынын сапаты ченемдик документтердин талаптарына ылайык бааланат.

Ишкер Media
Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media