Кыргызстан менен Индонезия экономикалык кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстан менен Индонезия экономикалык кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индонезиянын тышкы иштер министринин орун басары Анис Маттаны кабыл алды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2-июлда өткөн жолугушууда тараптар саясий диалогду чыңдоо, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана эл аралык аянтчалардагы өз ара макулдашылган кызматташтыкты жакшыртуу боюнча пикир алышты.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстан Индонезияны Азия-Тынч океан аймагындагы маанилүү жана достук өнөктөш катары көрөрүн белгилеп, соода-экономикалык, инвестициялык, туристтик, маданий-гуманитардык тармактардагы жана адал-индустриясы боюнча долбоорлорду өнүктүрүүнүн зарылдыгын айтты.
Өз кезегинде Анис Матта Индонезия кыргыз тарап менен мазмундуу диалогду улантууга, экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, бизнес чөйрөлөрдүн кызматташтыгын кеңейтүүгө жана маданий-гуманитардык алакаларды бекемдөөгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда эки тарап тең кыргыз-индонезиялык достук мамилелерди мындан ары бекемдөөгө жана эки тараптуу кызматташтыкты системалуу нукта өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырасташты.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?