Түптө жергиликтүү башкаруу боюнча республикалык жыйын өтүп жатат

Түптө жергиликтүү башкаруу боюнча республикалык жыйын өтүп жатат

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 35 жылдыгына арналган республикалык семинар-кеңешме өтүп жатат.

Иш-чара "Жергиликтүү өз алдынча башкарууга 35 жыл – Уңгужол жамааттардын демилгеси жана өнүгүүнүн келечеги" деген аталышта Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюштурулган.

Семинардын алкагында катышуучулар Ысык-Көл айыл аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тажрыйбалары менен таанышып, кол өнөрчүлүк буюмдарынын, маданий баалуулуктардын, айыл чарба жана коммуналдык техникалардын, ошондой эле инфраструктуралык долбоорлордун көргөзмөлөрүнө күбө болушууда.

Мындан тышкары, катышуучулар арасында "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужол жарлыгынын алкагында "Акыл Майдан" интеллектуалдык долбоору өткөрүлүүдө.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов жана башка өкүлдөр катышууда.

Семинар-кеңешменин жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүү жолу, жергиликтүү жамааттардын демилгелери, мыкты тажрыйбалар жана аймактарды өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары талкууланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы банктар жана башка финансылык уюмдар ортосунда төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана багыттоо иштерин камсыздай турган тез төлөмдөр системасынын бирдиктүү операторун түзүүнү сунуштады. Тиешелүү жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, жаңы система ар кандай банктарда жана финансылык уюмдарда тейленген кардарлардын ортосундагы акча которууларды реалдуу убакыт режиминде — суткасына 24

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги" эл аралык илимий конференциясынын түндүк көтөрүү аземи өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билиим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея,

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Финансы министри Руслан Суйналиев 3-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери жана Wabtec компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-америкалык финансылык-экономикалык кызматташтык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана аларды каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери талкууланды. Атап айтканда, Америка тарап Кыргызстандагы темир жол тармагында келечектүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Жарандар салыктык кызматтарды эми өздөрү колдонгон банктын мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мобилдик тиркеме аркылуу салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, салыктык карызды текшерүүгө жана электрондук патент алууга болот. Мындан тышкары, жарандар жеке ишкер катары катталып, жеке ишкердин күбөлүгүн да электрондук түрдө ала алышат. Бул үчүн