Дипломатиялык мекемелердин аткарган иштерине баа берилди

Дипломатиялык мекемелердин аткарган иштерине баа берилди

10-июлда Тышкы иштер министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгына арналган жыйын өттү.

Маалыматка ылайык, жыйында министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери аткарган иштер жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык мекемелердин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти.

Министр Жээнбек Кулубаев дипломатиялык кызмат органдарынын жалпы ишине баа берип, Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги багыттары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин системалуу мүнөздө экенин белгиледи.

Ал өткөн жарым жылдык жигердүү дипломатиялык аракеттердин мезгили болгонун айтып, Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын өлкөнүн көп жылдык тышкы саясий аракеттеринин маанилүү жыйынтыгы катары баалады.

Ошондой эле министрлик айрым чет өлкөлүк мекемелердин жетекчилерине карата сын-пикирин билдирип, санкциялык чектөөлөрдү алып салуу жана экономикалык дипломатия багыттарындагы иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Коллегиянын жыйынтыгында Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги ишмердүүлүгүнө сапаттуу даярдык көрүү, ШКУнун Бишкек саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүү, ошондой эле өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн чет мамлекеттер менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү багыттары белгиленди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагында азык-түлүк жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлады. Билдирүүгө ылайык, жарманкеде жергиликтүү дыйкан-фермерлердин жана өндүрүүчүлөрдүн экологиялык жактан таза, сапаттуу продукциялары калкка сунушталып жатат. Мекеме Нарын районунда жарманке ар жуманын дүйшөмбү күнү жатканын эске салды. Бул жарменке жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана дыйкандарды колдоо;

Ишкер Media
Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар соодасынын көлөмү 12 млрд долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3% көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин КРнын товарлардын тышкы жана өз ара соодасы тууралуу басылмасында айтылат. Мааламатка ылайык, 8 айдын ичинде өлкөдөн 2,3 млрд

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 33 мектеп, 37 мекеме курулду

Кыргызстанда тогуз айда 33 мектеп, 37 мекеме курулду

Кыргызстанда ушул жылдын январь–сентябрь айларында 33 мектеп, 37 мекеме курулду. Бул тууралуу 19-октябрда Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 9 айында курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 380,0 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,2%га өстү. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 365,7

Ишкер Media
Ата-энеси жок 13 бала Мета-Илимий университетинде акысыз окууда

Ата-энеси жок 13 бала Мета-Илимий университетинде акысыз окууда

Эмгек министринин биринчи орун басары Арлен Алиясов Эл аралык Мета-Илимий университеттин ректору Нурлан Исмаилов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Билдирүүгө караганда, жолугушууда ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жана аярлуу катмардагы жаштардын кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү талкууланды. Университетте учурда ата-энеси жок 13 бала акысыз

Ишкер Media