Кыргызстан тоо-кен тармагына чет өлкөлүк инвестиция тартуу боюнча меморандумга кол койду

Кыргызстан тоо-кен тармагына чет өлкөлүк инвестиция тартуу боюнча меморандумга кол койду

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен "Alvarez & Marsal Kazakhstan" компаниясы Кыргызстанга чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, меморандумдун негизги максаты – өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү жана тоо-кен тармагына, стратегиялык мааниге ээ минералдык ресурстарды өздөштүрүү, казып алуу жана кайра иштетүү боюнча долбоорлорго узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу.

Документтин алкагында АКШдан, Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерден, Жапониядан жана башка өлкөлөрдөн инвесторлорду тартуу боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлөт.

Тараптардын белгилешинче, меморандумга кол коюу эл аралык кызматташууну кеңейтүүгө жана Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media
Токтогулга 3,3 млн сомдук кайык берилди

Токтогулга 3,3 млн сомдук кайык берилди

Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу үчүн 3 млн 348 миң сомдук моторлуу кайык алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, "Атайын эсеп" мамлекеттик мекемеси тарабынан алынган алюминийден жасалган "Тактика 550 Круиз" үлгүсүндөгү кайык бардык жабдуулары жана чиркегичи менен Токтогул райондук

Ишкер Media
Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагында азык-түлүк жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу 19-октябрда Айыл чарба министрлигинен кабарлады. Билдирүүгө ылайык, жарманкеде жергиликтүү дыйкан-фермерлердин жана өндүрүүчүлөрдүн экологиялык жактан таза, сапаттуу продукциялары калкка сунушталып жатат. Мекеме Нарын районунда жарманке ар жуманын дүйшөмбү күнү жатканын эске салды. Бул жарменке жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана

Ишкер Media
Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар соодасынын көлөмү 12 млрд долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3% көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин КРнын товарлардын тышкы жана өз ара соодасы тууралуу басылмасында айтылат. Мааламатка ылайык, 8 айдын ичинде өлкөдөн 2,3 млрд

Ишкер Media