Жергиликтүү бийлик аймактарда кошумча дем алыш күндөрүн белгилей алат

Жергиликтүү бийлик аймактарда кошумча дем алыш күндөрүн белгилей алат

Президент Садыр Жапаров айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, 2026-жылдын 15-июлунан тартып 2027-жылдын 1-июлуна чейин Министрлер кабинетине тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу аркылуу айрым аймактарда кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө укугу берилет.

Мындай чечимдер калк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мамлекеттик деңгээлдеги эл аралык жана ички иш-чараларды өткөрүү зарыл болгон учурларда, ошондой эле ыкчам чечүүнү талап кылган өзгөчө жагдайларда кабыл алынышы мүмкүн.

Кошумча дем алыш күндөрү белгиленген учурда кызматкерлердин бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат.

Ошондой эле Министрлер кабинети тиешелүү чечимдерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашууга тийиш.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине бул убактылуу тартиптин ишке ашырылышына байкоо жүргүзүү жана анын жыйынтыгы боюнча сунуштарды даярдоо тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media
Токтогулга 3,3 млн сомдук кайык берилди

Токтогулга 3,3 млн сомдук кайык берилди

Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу үчүн 3 млн 348 миң сомдук моторлуу кайык алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, "Атайын эсеп" мамлекеттик мекемеси тарабынан алынган алюминийден жасалган "Тактика 550 Круиз" үлгүсүндөгү кайык бардык жабдуулары жана чиркегичи менен Токтогул райондук

Ишкер Media
Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагында азык-түлүк жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу 19-октябрда Айыл чарба министрлигинен кабарлады. Билдирүүгө ылайык, жарманкеде жергиликтүү дыйкан-фермерлердин жана өндүрүүчүлөрдүн экологиялык жактан таза, сапаттуу продукциялары калкка сунушталып жатат. Мекеме Нарын районунда жарманке ар жуманын дүйшөмбү күнү жатканын эске салды. Бул жарменке жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана

Ишкер Media
Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар соодасынын көлөмү 12 млрд долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3% көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин КРнын товарлардын тышкы жана өз ара соодасы тууралуу басылмасында айтылат. Мааламатка ылайык, 8 айдын ичинде өлкөдөн 2,3 млрд

Ишкер Media