Италиялык компанияларга “Тамчы” атайын аймагынын мүмкүнчүлүктөрү сунушталды

Италиялык компанияларга “Тамчы” атайын аймагынын мүмкүнчүлүктөрү сунушталды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Италиянын Тышкы соода агенттигинин президенти Маттео Зоппас жана айыл чарба техникаларын өндүрүүчүлөр федерациясынын президенти Мариятереза Маскио менен жолукту.

Мекемеден билдиришкендей, жолугушууга ITA, FederUnacoma, Италиянын Казакстандагы элчилиги жана Кыргызстандагы Ардактуу консулдугунун өкүлдөрү катышты.

Тараптар Кыргызстандын мамлекеттик инвестициялык саясатынын артыкчылыктуу багыттарын жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жолдорун талкуулашты.

Айрыкча айыл чарба техникаларын өндүрүү, айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү, курулуш материалдарын жана эмерек чыгаруу, медицина багыттарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду.

Ошондой эле италиялык компаниялар үчүн Ысык-Көл облусунун жана "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагынын мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестициялык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана италиялык бизнес өкүлдөрүнүн катышуусундагы иш-чараларды уюштуруу боюнча кызматташууну улантууга макулдашышты.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол