Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри канча айлык аларын ачыктады

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри канча айлык аларын ачыктады

 14-июлда Маданият министри Мирбек Мамбеталиев “Ачык кабинет” жыйынында өзүнүн айлыгынын өлчөмүн ачыктады. 

"Менин айлыгым — 100 000 сомду түзөт. Бул — мен ай сайын колума алган сумма. Ага бардык кошумча төлөмдөр жана иш тажрыйбасы үчүн үстөк акылар кирет. Ошондой эле мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлер үчүн стимулдаштыруу фонду бар, андан биз ай сайын болжол менен 50% өлчөмүндө кошумча төлөм алабыз", – деди министр. 

Мамбеталиевдин айтымында, анын орун басарлары 70 000 сом алышат. Бул тармактагы кызматкерлердин орточо айлыгы болжол менен 40 000 сомду түзөт. 

«Айлык акы 100%га көтөрүлгөндөн кийин, музей жана китепкана кызматкерлеринин минималдуу эмгек акысы 33 000 сомго жетти. Мындан тышкары, кызматкерлерге стимул берүү жана эмгек акыны жогорулатуу үчүн биз атайын эсептерге которулган каражаттын 70%ын финансылык бонус катары бөлүүнү уюштурдук», - деп кошумчалады Мирбек Мамбеталиев.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу мамилени өнүктүрүү жана саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуу маанилүү экенин белгилешти. Кыргыз тарап тышкы саясат мекемелери ортосунда биринчи саясий консультацияларды өткөрүүнү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнү

Ишкер Media
Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарын шаарында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" демилге жана долбоорлор сынагын тааныштыруу жыйыны өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамбетова, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев, район акимчиликтеринин, мэриянын, мекеме-уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media