Түрк тарап Кыргызстанга 116 млн долларлык долбоор сунуштады

Түрк тарап Кыргызстанга 116 млн долларлык долбоор сунуштады

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Түркиянын «TANFER» компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Түркиялык өкүлдөр Кыргызстанда улуттук биокоопсуздук программасын ишке ашыруу боюнча инвестициялык сунушун тааныштырды.

Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы наркы 116,3 млн долларды түзөт. Демилге ишке ашса 1 600гө чейин адам жумуш менен камсыз болору айтылды.

Зарыл болгон инфраструктураны куруу, жабдуу чыгымдарын инвестор каржылары белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда биргелешип кароо боюнча макулдашылды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда тогуз айда 33 мектеп, 37 мекеме курулду

Кыргызстанда тогуз айда 33 мектеп, 37 мекеме курулду

Кыргызстанда ушул жылдын январь–сентябрь айларында 33 мектеп, 37 мекеме курулду. Бул тууралуу 19-октябрда Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 9 айында курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 380,0 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,2%га өстү. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 365,7

Ишкер Media
Ата-энеси жок 13 бала Мета-Илимий университетинде акысыз окууда

Ата-энеси жок 13 бала Мета-Илимий университетинде акысыз окууда

Эмгек министринин биринчи орун басары Арлен Алиясов Эл аралык Мета-Илимий университеттин ректору Нурлан Исмаилов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Билдирүүгө караганда, жолугушууда ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жана аярлуу катмардагы жаштардын кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү талкууланды. Университетте учурда ата-энеси жок 13 бала акысыз

Ишкер Media
Бишкекте Хорватиянын консулдугу ачылды

Бишкекте Хорватиянын консулдугу ачылды

Бишкекте Хорватиянын консулдугунун салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен 19-октябрда билдиришти. Иш-чарага Экономика жана коммерция министрлигинин жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Маалыматка ылайык, Хорватиянын Кыргызстандагы консулу болуп Абдирахим Бабаев дайындалды.  Консулдуктун негизги багыттары — эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу жана ишкерлердин кызматташтыгын

Ишкер Media
Баткенде курулуш ишинде мыйзам бузуулар аныкталды

Баткенде курулуш ишинде мыйзам бузуулар аныкталды

Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылындагы спорт залдын курулушуна текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. Маалым болгондой, текшерүүнү Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен региондук башкармалыгы жүргүзгөн. Текшерүүдө курулуш ченемдери жана техникалык коопсуздук эрежелери бузулганы аныкталды. Курулуш аянтчасы убактылуу тосмо менен тосулган эмес, курулуштун ар бир этабын кабыл алуу талаптары

Ишкер Media