Бишкекте Хорватиянын консулдугу ачылды
Бишкекте Хорватиянын консулдугунун салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен 19-октябрда билдиришти.
Иш-чарага Экономика жана коммерция министрлигинин жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.
Маалыматка ылайык, Хорватиянын Кыргызстандагы консулу болуп Абдирахим Бабаев дайындалды.
Консулдуктун негизги багыттары — эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу жана ишкерлердин кызматташтыгын өнүктүрүү болуп саналат.
Буга чейин экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Хорватиянын элчиси Рефик Шабанович менен соода, инвестиция жана кош салык салууну болтурбоо маселелерин талкуулаган.