“Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды

“Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун биринчи этабынын жыйынтыктарын чыгарды. Ага Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

“Президент Садыр Жапаров бизге койгон башкы максат – бул бийликтин толук ачык-айкындуулугу, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу жана жарандарыбыз менен түз, чынчыл диалог. Коом чечимдердин кандай кабыл алынып жатканын, министрлердин кандай иштеп жатканын жана жер-жерлерде алар кандай жоопкерчиликтерин алып жатканын көрүшү керек”, – деди Адылбек Касымалиев.

Анын айтымында, долбоордун жыйынтыгы боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ачык-айкындуулугунун, кесипкөйлүгүнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүнүн деңгээлин объективдүү баалоого мүмкүндүк берди.

Адылбек Касымалиев ачык-айкындуулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин көрсөткөн жетекчилерди белгилеп, айрыкча Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин, ошондой эле саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмоновдун ишин баса белгиледи. Финансы,  Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар  министрликтеринин жетекчилеринин сапаттуу даярдыгы өзгөчө белгиленди. Ошол эле учурда Министрлер Кабинетинин башчысы мындан ары өркүндөтүүнү талап кылган айрым маселелерге, анын ичинде кээ бир министрликтердин жетекчилеринин коомчулук менен өз ара аракеттенүүсү, жарандарга маалыматты жеткиликтүү жеткирүү жана аткаруучулук тартипти бекемдөө жаатында көңүл бурду.

Ал жетекчинин ар кандай коомдук билдирүүсү жоопкерчиликтүү, салмактуу, кесипкөй болушу жана мамлекеттик кызматтын жогорку стандарттарына шайкеш келиши керектигин баса белгиледи.

Министрлер Кабинетинин башчысы президенттин администрациясынын маалымат саясаты кызматына ушул жылдын сентябрь айында баштала турган долбоордун экинчи этабына даярдык көрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу