Туристтик жайдан эл аралык каржы борборуна: Того делегациясы Тамчынын моделине кызыгууда

Туристтик жайдан эл аралык каржы борборуна: Того делегациясы Тамчынын моделине кызыгууда

Того Республикасынын делегациясы Тамчы атайын финансылык-инвестициялык аймагына барып, анын ишмердүүлүгү жана өзгөчө укуктук-салыктык режими менен таанышты. Делегацияны Инвестицияларды илгерилетүү, өнөр жай жана экономикалык эгемендүүлүк боюнча министр-делегат Артур Лилас Тримуа жетектеди.

Делегациянын курамында парламенттин мүчөсү, Экономикалык маселелер боюнча комитеттин төрагасы Мавусси Джоссу Семонджи, сенатор, Каржы маселелери боюнча комитеттин төрагасы Аджи Отет Аяссор, сенатор Алексис Джон Коффи Дарвин Акеребуру жана каржы жана бюджет министринин кеңешчиси Мойем Баниаб болду.

Сапардын жүрүшүндө Того өкүлдөрүнө Тамчы атайын финансы - инвестициялык аймагынын инфраструктурасы көрсөтүлдү. Тамчы атайын финансы жана инвестиция институтунун каттоочусунун башкы директору Искендер Сыдыгалиев аймактын ишмердүүлүгү, атайын укуктук жана салыктык режими, ошондой эле инвесторлор жана резиденттер үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди.

Жолугушууда Кыргызстанда Тамчы финансы жана инвестиция институтун түзүү жана анын ишмердүүлүгүнүн укуктук базасын иштеп чыгуу тажрыйбасы талкууланды. Того тарап тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыгуу жана кабыл алуу этаптарына, аймактын ишмердүүлүгүн уюштурууга жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы атайын режимдин өзгөчөлүктөрүнө кызыкты.

“Мен аткарылган иштерге жана бир жылдан аз убакыттын ичинде күчтүү саясий эрк менен туристтик жайды эл аралык каржы борборуна айландырууга таасирлендим. Тамчы финансы жана инвестиция институту көптөгөн африкалык өлкөлөр үчүн үлгү боло алат, анткени ал инвесторлорду тартуу жана инвестицияларды өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө багыттоо үчүн шарттарды түзөт. Бул тажрыйба биздин өлкөлөр үчүн, анын ичинде Того үчүн чоң кызыгууну жаратат”, — деди Артур Лилас Тримуа.

Тамчы атайын финансыжана инвестиция институтунун өкүлдөрү Того тарап менен каржы юрисдикцияларын түзүү жана өнүктүрүү боюнча кесиптик алмашууну улантууга даяр экенин билдиришти.

☝🏻
“Тамчы” АФИА 2025-жылдын 10-июлундагы №136 мыйзамынын негизинде түзүлгөн. 2035-жылга чейин аймакта 3 900дөн ашык компанияны жайгаштыруу жана 10 миңден ашуун жумуш орду түзүлмөкчү. Ал англис мыйзамдарынын принциптерине негизделген жана эл аралык жөнгө салуунун мыкты тажрыйбаларын колдонуу менен өзгөчө юрисдикцияга ээ - аймак болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media