Кыргызстан менен Кытай гранттык долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты

Кыргызстан менен Кытай гранттык долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайга болгон жумуш сапарынын алкагында Кытайдын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин төрагасы Чэнь Сяодун менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушууда эки өлкө башчылары жетишкен макулдашуулардын жана биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышы талкууланды. Акунбеков Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунда 30дан ашык документке кол коюлганын, эми аларды ишке ашыруу калганын белгиледи.

"Гранттык каражаттардын эсебинен каржыланган долбоорлорду алдыга жылдыруу Кыргызстан үчүн олуттуу социалдык мааниге ээ", - деди ал.

Өз кезегинде Чэнь Сяодун макулдашылган гранттык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин жана жаңы багыттарда кызматташууга даяр экенин билдирди.

Тараптар айыл чарба, саламаттыкты сактоо, транспорт жана бажы инфраструктурасы, техника менен камсыздоо жана экология жаатындагы долбоорлорду талкуулашты.

Жыйынтыгында гранттык долбоорлор боюнча жумушчу топтун үзгүлтүксүз отурумдарын өткөрүү макулдашылды.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media
DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

2026-жылдын 8-октябрында Өзбекстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө арналган аймактык конференциясы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында DemirBank "First Cross-border RSF Transaction" ("Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор") сыйлыгын алды. Бул сыйлык DemirBankтын Өзбекстандын Ташкент шаарындагы

Ишкер Media
Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм өндүрүү боюнча мамлекеттик программа өз жыйынтыгын берип баштады. "Винивин" ЖЧК быйыл 950 тоннадан ашык жүзүм жыйнады, жыйноо иштери дагы уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди. Салыштыруу үчүн: 2023-жылы 620 тонна, 2024-жылы 540 тонна, ал эми 2025-жылы болгону 140 тонна жыйналган. Быйылкы

Ишкер Media
Манаста 166 млн сомдук жаңы мектеп курулду

Манаста 166 млн сомдук жаңы мектеп курулду

Манас шаарынын Дөмөр айылында 275 орундуу заманбап мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 166 миллион сомду түздү. Курулушту министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөгөн. Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 2 980 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары,

Ишкер Media