Адылбек Касымалиев Казакстандын элчисин кабыл алды

Адылбек Касымалиев Казакстандын элчисин кабыл алды

17-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-казак мамилелеринин учурдагы абалын жана мындан аркы өнүгүү багыттарын талкуулашты.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык өнүгүп жатканын белгилешип, транспорт, суу-энергетика, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы байланыштар бекемделип жатканын айтышты.

Рапиль Жошыбаев Бишкектеги дипломатиялык миссиясы учурунда көрсөткөн колдоосу жана кызматташуусу үчүн Адылбек Касымалиевге ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасы элчиге мындан аркы ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-казак мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Кече Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында "Борбордук Азия – АКШ" ("С5+1") форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабель менен жолугушуу өткөрдү. Бур тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык

Ишкер Media
Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Мааракеге карата райондо жалпысынан 90 иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу облустун мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты. Мааракенин жүрүшүндө,

Ишкер Media
Бишкекте ракты дарылоочу клиниканы куруу демилгеси талкууланды

Бишкекте ракты дарылоочу клиниканы куруу демилгеси талкууланды

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров James Cubitt & Partners эл аралык компаниясынын төрагасы Суадад Сумайдаи жана компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу 19-октябрда мекемеден билдиришти. Анда инвестициялык кызматташтыктын багыттары, чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу жана Кыргызстанда келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. "Биз эл аралык

Ишкер Media
Ноокатта күздүк айдоо иштерине 10 тонна күйүүчү май бөлүндү

Ноокатта күздүк айдоо иштерине 10 тонна күйүүчү май бөлүндү

Республика боюнча күздүк дан эгиндерин 200 миң гектар жерге себүү пландалууда. Бул тууралуу 19-октябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, Ош облусунда 32 миң гектар аянтка себүү пландалган. Ал эми Ноокат районунда күздүк буудай жана арпа себүү үчүн жалпы 10 300 гектар жер аянты каралган. Бүгүнкү күнгө карата 1

Ишкер Media