Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады
Кече Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында "Борбордук Азия – АКШ" ("С5+1") форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабель менен жолугушуу өткөрдү. Бур тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык авиация жаатында кыргыз-америкалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын авиакомпаниялары үчүн Boeing учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Өзгөчө көңүл атаандаштыкка жөндөмдүү коммерциялык сунуштарды иштеп чыгууга, АКШнын Экспорттук-импорттук банкынын (EXIM Bank) мүмкүн болгон катышуусу менен каржылоо шарттарына, ошондой эле техникалык тейлөөнү жана авиациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө бурулду.