“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол коюлду

“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.

Конституциялык мыйзам 2026-жылдын 28-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Конституциялык мыйзамдын максаты референдум жөнүндө колдонуудагы мыйзамды 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган жана президент тарабынан 2021-жылдын 5-майында кол коюлган конституцияга ылайык келтирүү болуп саналат.

Конституциялык мыйзам менен төмөнкүлөр каралды:

“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргызстандынын конституциялык мыйзамын колдонуудагы Кыргыз Республикасынын конституциясына шайкеш келтирүү;

референдум өткөрүү процессине катышкан мамлекеттик бийлик органдарынын компетенциясын тактоо;

референдумду демилгелөө, дайындоо, өткөрүү жана жыйынтыктоо боюнча укуктук жол-жоболорду өркүндөтүү;

референдумга жарандардын катышуусунун укуктук кепилдиктерин бекемдөө жана элдин эгемендик принцибин камсыз кылуу;

“Кыргыз Республикасынынн референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын добуш берүүнү уюштурууга багытталган ченемдерин “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргызстандын конституциялык мыйзамына ылайык келтирүү (идентификациялоо, добуш берүү, аралыктан добуш берүү, шайлоо бюллетени ж.б.);

шайлоо мыйзамдарынын ченемдеринин укуктук тактыгын жана бирдей колдонулушун камсыз кылуу.

Конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

Мындан тышкары окуңуз

Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ош шаарында Мамыров көчөсүндө оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалым болгондой, Курманжан Датка көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки 500 метрден ашуун жол толугу менен жаңыртылып жатат. Учурда жолдун биринчи катмар асфальты төшөлүп, эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, тротуар курулууда. Ошондой эле жарыктандыруу жана канализация системалары жаңыланды. Жол

Ишкер Media
Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media
Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди. Ошондой эле БУУ жана башка

Ишкер Media
Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media