Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди.

Ошондой эле БУУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө жана координацияны чыңдоого өзгөчө басым жасалды.

Тараптар достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media
Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media