Садыр Жапаров: Биз жерлерибизди сатпайбыз

Садыр Жапаров: Биз жерлерибизди сатпайбыз

Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу кылды.

Президенттин айтымында, акыркы күндөрү жер маселеси, тышкы карыз, чет өлкөлүк туристтер жана энергетика боюнча коомчулукта ар кандай талкуулар токтобой жатат. Ушул маселелерге байланыштуу нерселерди так айтып коюуну туура көрдүм.

Жер маселеси боюнча: 

2020-жылга чейин Кыргызстандын жалпы аянты 199,9 миң чарчы чакырым же 19 миллион 994 миң гектар болгон. Кошуналар менен чек араны тактоодон кийин жерибиз 15 миң 572 гектарга кеңейип, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аянты 20 миллион 9 миң 572 гектарды түзөт. Анын 94,4 % тоолуу аймактар.

Өлкөбүздө жалпы 6 миллион 732 миң гектар айыл чарба жери бар. Анын 1 миллион 82 миң гектарын элибиз жеке менчикте айыл чарба багытында пайдаланат. Жалпы республика боюнча ар кандай багыттагы 18 миллион 698 миң гектар жер мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турат. 

Анын 18 миллион 639 миң гектары мамлекеттик, 59 миң гектары муниципалдык менчиктеги жерлер.

Ал эми бүгүн инвестициялык долбоорлор үчүн 1992-жылдан берки мыйзамдын алкагында пайдаланууга берилген жерлердин жалпы аянты өлкөбүздүн аймагынын 0,1% нан ашпайт!

Ошол жерлерге эмнелер курулуш керек эле?

Завод-фабрикалар, логистикалык борборлор, энергетикалык объектилер, туристтик комплекстер жана башка өндүрүш ишканалары курулуш керек эле. 

Бирок башка багытка пайдаланып кетишкен. 

Ал жакка жүздөгөн миллион, айрым долбоорлорго миллиарддаган доллар инвестиция салынып, миңдеген жумуш орундары түзүлуш керек болчу. Ишканалар мамлекетке салык төлөп, экономикабызга кызмат кылыш керек эле. 
Тескерисинче, жерлерди 49 жылга ижарага алып алышып, бүгүнкү күнгө чейин эч нерсе курбай пайдалануу укугун колдон колго сатып же жерди башка багытка буруп колдонгондор көп болуп чыкканын акыркы беш жылда аныктадык. 

Ошондуктан ушундай жерлерди жөнгө салуу үчүн бул мыйзамды кайра карап чыгуу сунушталып жатат. 

Биринчиден, жерди кайсы багытка алса ошол багытта колдонсун. 

Экинчиден, 49 жылга алган жерди 36 жыл бою эч нерсе курбастан кармап жатпасын же экинчи жактарга сатпасын. 

Инвестор өзүнө алган милдеттенмелерин тез аткарууга, белгиленген мөөнөттө объектти курууга, инвестиция салууга жана жумуш орундарын түзүүгө милдеттүү. 

Милдеттенмесин аткарбаса, келишим токтотулуп, жер мамлекетке кайтарылып, тез кура турган инвесторго берилет. 

Ошондуктан завод, фабрика жана башка инвестициялык объектилерди куруу үчүн берилген жерлер өлкөбүздүн жалпы аймагынын 0.1%на жетпеген жерлерди кара пиар кылып, "Кыргызстандын жерин сатып жатышат" деп элди дүрбөлөңгө салбагыла. Биз жерлерибизди сатпайбыз. 
Бирок инвестициясыз мамлекетти өнүктүрө албайбыз. 
Мына ушуну эстен чыгарбагыла. 
Биздин максат - жерлерди Кыргызстанга пайда алып келгендей иштетүү. 

Завод курулса - элибиз иштейт. Логистикалык борбор курулса - ишкерлерибиз товарын экспорттойт. Туристтик объектилер курулса - аймак өнүгөт. 

Электр станциялары курулса - өлкөбүз электр энергиясы менен камсыз болот. 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media