Ноокат районунун акиминин биринчи орун басары дайындалды
Министрлер Кабинетинин төрагасынын тескемесине ылайык, 23-июлдан тарта Чолпон Абдыкалыкова Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары кызматына дайындалды.
Жаңы дайындалган жетекчи Ноокат районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо, аймактагы реформаларды ишке ашыруу жана калктын турмуш-шартын жакшыртуу багытында жигердүү иш алып бармакчы.
Чолпон Абдыкалыкова буга чейин Чаткал районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеген.