Президент Түрк мамлекеттер уюмунунун башкы катчысы менен жолукту

Президент Түрк мамлекеттер уюмунунун башкы катчысы менен жолукту

Президенти Садыр Жапаров 23-июлда, Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, мамлекет башчысы ТМУга мүчө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсү ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, буга чейин жетишилген макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн, транспорттук жана башка инфраструктураны өнүктүрүүнүн, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу ал Түрк инвестициялык фондунун мүчө мамлекеттердин артыкчылыктуу демилгелерин илгерилетүүнүн натыйжалуу механизмдеринин бири катары өзгөчө ролун белгилеп, кыргыз тарап анын мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланууга кызыкдар экенин баса көрсөттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле ТМУнун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media