Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министрин кабыл алды

Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров 24-июлда, Чолпон-Ата шаарында Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин расмий баракчаына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, транспорттук-логистикалык өз ара байланыштуулукту өнүктүрүү, айыл чарба тармагындагы, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. 

Президент Садыр Жапаров транспорт, инфраструктура, соода жана инвестиция тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү экенин белгиледи. 

Мамлекет башчысы Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды ырааттуу түзүп, зарыл болгон инвестициялык климатты камсыз кылып жатканына токтолду. 

Муну менен катар президент бардык чет өлкөлүк компаниялар, анын ичинде кытайлык тараптын катышуусундагы ишканалар Кыргызстандын мыйзамдарын кынтыксыз сактоого, кыргыз элинин каада-салттарын жана маданиятын урматтоого, ошондой эле өз ишмердүүлүгүн мыйзамдуулук жана ачык-айкындуулук принциптерине ылайык жүргүзүүгө тийиш экенин өзгөчө баса белгиледи. 
Өз кезегинде Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин саламын жана жакшы каалоолорун мамлекет башчысына жеткирди. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да тереңдетүүгө, саясий диалогду кеңейтүүгө жана эки мамлекеттин жана элдердин кызыкчылыктарына жооп берген биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media