Кыргызстан менен Өзбекстан өнөр жай аймактарын түзүү боюнча кызматташат

Кыргызстан менен Өзбекстан өнөр жай аймактарын түзүү боюнча кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров менен Ташкент шаарынын Өнөр жай аймактарын башкаруу дирекциясынын директору Икромжон Усманов кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Улуттук агенттиктен билдиришкендей, документ инвестицияларды тартуу, өнөр жай аймактарын түзүү жана башкаруу жаатындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга багытталган.

Мындан сырткары, эки өлкө ортосунда бизнес-форумдарды, ишкердик миссияларды жана башка биргелешкен иш-чараларды уюштуруу пландалууда.

Кызматташтыктын алкагында Кыргызстандын жана Өзбекстандын өнөр жай ишканалары, инвесторлору менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл бурулат.

Мындан тышкары окуңуз

Трансформатордон май агып, жерди булгаган ишканага 65 миң сом айып пул салынды

Трансформатордон май агып, жерди булгаган ишканага 65 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарынын тургунунун кайрылуусунун негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүүдө Ленин районундагы Арча-Бешик конушунда трансформатордон май агып, жер кыртышы булганганы аныкталды. Мыйзам бузгандыгы үчүн жергиликтүү ишканалардын бирине 65 000 сом айып пул салынды. Министрлик жарандарды айлана-чөйрөнүн булганышына кайдыгер

Ишкер Media
Бишкекте 40 таштанды сорттоочу пункт курулуп жатат

Бишкекте 40 таштанды сорттоочу пункт курулуп жатат

22-сентябрда мэр Айбек Жунушалиев журналисттер менен бирге Бишкекте курулуп жаткан 40 таштанды сорттоочу пункттун (ТСП) курулушу менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымка ылайык, мэр 4-кичи райондогу №22А үйдүн жанындагы пунктту көрдү. Аянты 100 чарчы метр, суу жана канализация системасы бар. Ал жерде контейнерлерди жууп-тазалоого шарт түзүлгөн.

Ишкер Media
"Тазалыкка" 22 жаңы атайын техника тапшырылды

"Тазалыкка" 22 жаңы атайын техника тапшырылды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Тазалык" муниципалдык ишканасына жаңы техникаларды тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Ишканага 22 даана техника берилди: • 11 даана МАЗ таштанды ташуучу унаа • 1 даана "Шумкар" • 5 даана "Хово" • 1 даана "Дамас" • 4 даана "Лабо"

Ишкер Media
"Пайдалуу ОСАГО: DemirBank тиркемесинде гана 30% арзандатуу"

"Пайдалуу ОСАГО: DemirBank тиркемесинде гана 30% арзандатуу"

Эми DemirBank кардарлары банктын мобилдик тиркемеси аркылуу милдеттүү ОСАГО полисин түз ала алышат.  2026-жылдын 1-ноябрына чейин полис толтурууда 30% арзандатуу каралган. Кызмат DemirBank мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.  Камсыздандырууну камсыздандыруу компаниясына барбастан онлайн режиминде толтурса болот. ☝🏻ОСАГОну толтуруу үчүн кардар тиркемедеги "Кызматтар" бөлүмүн ачып, "ОСАГО камсыздандыруусун"

Ишкер Media