Трансформатордон май агып, жерди булгаган ишканага 65 миң сом айып пул салынды
Бишкек шаарынын тургунунун кайрылуусунун негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, текшерүүдө Ленин районундагы Арча-Бешик конушунда трансформатордон май агып, жер кыртышы булганганы аныкталды.
Мыйзам бузгандыгы үчүн жергиликтүү ишканалардын бирине 65 000 сом айып пул салынды.
Министрлик жарандарды айлана-чөйрөнүн булганышына кайдыгер карабастан, тиешелүү органдарга кабар берүүгө чакырат.