Бишкекте 40 таштанды сорттоочу пункт курулуп жатат
22-сентябрда мэр Айбек Жунушалиев журналисттер менен бирге Бишкекте курулуп жаткан 40 таштанды сорттоочу пункттун (ТСП) курулушу менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалымка ылайык, мэр 4-кичи райондогу №22А үйдүн жанындагы пунктту көрдү. Аянты 100 чарчы метр, суу жана канализация системасы бар. Ал жерде контейнерлерди жууп-тазалоого шарт түзүлгөн.
Пункттар таштанды чогултуу системасын иретке келтирүү жана контейнерлерди короолорго башаламан коюудан баш тартуу үчүн курулууда.
Ал жерде пластик жана металл өзүнчө сорттулуп, кайра иштетүүгө жөнөтүлөт. Күнүнө болжол менен 20 контейнер таштанды чыгарылат.
Долбоордун алкагында шаар боюнча 40 пункт пайда болот. Бул шаардын санитардык абалын жакшыртууга жардам берет.