"Тазалыкка" 22 жаңы атайын техника тапшырылды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Тазалык" муниципалдык ишканасына жаңы техникаларды тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ишканага 22 даана техника берилди:
• 11 даана МАЗ таштанды ташуучу унаа
• 1 даана "Шумкар"
• 5 даана "Хово"
• 1 даана "Дамас"
• 4 даана "Лабо"
Маалымдалгандай, жаңы техникалар шаарды тазалоо иштерин күчөтүп, таштандыны өз убагында чыгарууга жардам берет.
Мындан тышкары Минсктен дагы 3 техника 15-октябрга чейин келет. Жаңыларды кошкондо "Тазалыктын" автопаркы 400дөн ашты.


