Садыр Жапаров Гейдар Алиев ордени менен сыйланды
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Президент Садыр Жапаровго өлкөнүн эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – Гейдар Алиев орденин тапшырды.
Сыйлык тапшыруу аземинде Илхам Алиев Садыр Жапаровдун өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын белгилеп, Кыргызстан менен Азербайжандын мамилеси акыркы жылдары жаңы деңгээлге чыкканын айтты.
Ал Кыргызстандын эл аралык аброю өсүп, экономикасы жана социалдык тармагы өнүгүп жатканын белгилеп, бул өзгөрүүлөр Садыр Жапаровдун чечимдери жана көз карашы менен байланыштуу экенин кошумчалады.