1-октябрдан тарта пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет

1-октябрдан тарта пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бир катар актуалдуу маселелери каралган аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйында өзгөчө көңүл 1-октябрынан тарта пенсияларды жогорулатууга даярдык көрүү маселесине бурулду.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, индексациянын жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет, ал эми жогорулоонун орточо өлчөмү 1 753 сомду түзөт. Адылбек Касымалиев пенсияларды белгиленген мөөнөттө төлөп берүү үчүн бардык зарыл иш-чараларды өз убагында аягына чыгарууну тапшырды.

Эмгек менен камсыз кылуу маселелерин талкуулоонун алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы жарандар үчүн жумуш издөөдө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Эми жумуш издөөчүлөргө актуалдуу бош орундарды табууга, иш берүүчүлөргө жумуш орундарынын бар экендиги жөнүндө маалымат жайгаштырууга мүмкүндүк берген - Jumush.gov жана Find-ish санарип платформалары түзүлгөндүгүн маалым болду.

Ошондой эле кеңешмеде өлкө аймактарындагы Беккари чуңкурларынын абалы каралып, тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына атайын курулмаларды толук инвентаризация жүргүзүү, алардын техникалык жана санитардык абалын баалоо тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media