Өлкөдө бир жумада 23 миңден ашуун жол эреже бузуу аныкталды
11-сентябрдан 18-сентябрга чейин өлкө аймагында 23 411 жол эреже бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5 184 учур - документтери жок унаа башкаруу, 404 - мас абалында башкаруу, 298 - терезени мыйзамсыз караңгылатуу, 46 - авто ээнбаштык, 1 856 - ылдамдыкты ашыруу, 12 630 - башка эреже бузуулар.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 993 авто унаа айып короо жайына токтотулган.