Ош шаарында муниципалдык мүлктөр аукционго коюлду
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы муниципалдык мүлктөрдү убактылуу ижарага берүү боюнча аукцион өткөрөрүн жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аукционго коюлуучу объекттер:
• Курманжан датка көчөсү №243/1 дарегиндеги гүл сатуучу павильондор – 16,54 м² ден, старттык баасы 4 921 сом/айдан (1.4, 1.6, 1.14, 1.15, 1.17, 1.19-лоттор). Багыты – коммерциялык;
• "Анар" кичи районундагы №17 "А" даректеги көп кабаттуу үйдүн жарым жертөлөсү – 24,88 м², баасы 5 225 сом/ай. Багыты – тигүү цехи, өндүрүш;
• "Кызыл-Кыштак" ААБнын Сүрөттүү-Таш айылындагы имарат – 61,0 м², баасы 17 294 сом/ай;
• "Туран" кичи шаарчасындагы №63 даректеги бир кабаттуу имарат жана жер тилкеси – 3 015,6 м², баасы 251 533 сом/ай;
• Халмирзаева көчөсү №75 дарегиндеги жер төлө – 165,0 м², баасы 46 200 сом/ай. Багыты – спорттук-ден соолукту чыңдоо;
• "Турандагы" эки кабаттуу имарат жер тилкеси менен – 3 204,6 м², баасы 280 988 сом/ай;
• У. Салиева көчөсү №48 "Б" дарегиндеги жертөлө – 38,75 м², баасы 2 712 сом/ай. Багыты – кампа.
Маалыматка ылайык, аукцион мэриянын расмий сайтына кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин өткөрүлөт.
Катышуу үчүн Заднепровский көчөсү №4, 2-кабат, 5-каана дарегине кайрылуу зарыл.