Равшанбек Сабиров: Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө

Равшанбек Сабиров: Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргыз-Россия VIII экономикалык форумунун алкагында өткөн "Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуусу. Мыкты долбоорлордун бет ачары" аталышындагы тегерек үстөлгө катышты.

Аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага эки өлкөнүн экономикалык багыттагы министрликтеринин, мамлекеттик органдарынын, аймактык бийлик өкүлдөрүнүн, өнүктүрүү институттарынын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Равшанбек Сабиров Орусия Кыргызстан үчүн негизги соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири экенин белгиледи. Анын айтымында, аймактар аралык кызматташууну күчөтүү жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана инвестицияларды тартууга шарт түзөт.

Ал ошондой эле Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму, "Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum", Кыргыз-Россия экономикалык форуму жана Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясы сыяктуу эл аралык аянтчалар эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү экенин айтты.

"Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда. Биз мыйзамдык базаны өркүндөтүп, инвестициялык долбоорлорду коштоонун заманбап санариптик механизмдерин киргизип жатабыз жана аларды ишке ашыруунун бардык этаптарында ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз", - деди Равшанбек Сабиров.

Белгиленгендей, форумда өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны жакшыртуу, санариптештирүү, агроөнөр жай комплекси жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кытай гранттык долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты

Кыргызстан менен Кытай гранттык долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайга болгон жумуш сапарынын алкагында Кытайдын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин төрагасы Чэнь Сяодун менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Жолугушууда эки өлкө башчылары жетишкен макулдашуулардын жана биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышы талкууланды. Акунбеков Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунда 30дан ашык

Ишкер Media
Бишкек ЖЭБинде жылытуу мезгилине даярдык жүрүүдө

Бишкек ЖЭБинде жылытуу мезгилине даярдык жүрүүдө

Бишкек ЖЭБинде 2026-2027-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдык иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, учурда казан жана турбиналык жабдууларда пландуу оңдоо жүрүп, станциянын негизги системалары текшерилип жатат. Иштер бекитилген план боюнча жүрүп, алдыдагы кышта ЖЭБдин туруктуу иштешин камсыздоого багытталган. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды,

Ишкер Media
Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү

Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ак-Ордо конушунун Теңир-Тоо көчөсүндө 750 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, иштин сапаты министр Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлүндө болгон. Мектеп 3 кабаттуу, аянты 3349 чарчы метр. Ичинде заманбап класстар, лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана

Ишкер Media
Туристтик жайдан эл аралык каржы борборуна: Того делегациясы Тамчынын моделине кызыгууда

Туристтик жайдан эл аралык каржы борборуна: Того делегациясы Тамчынын моделине кызыгууда

Того Республикасынын делегациясы Тамчы атайын финансылык-инвестициялык аймагына барып, анын ишмердүүлүгү жана өзгөчө укуктук-салыктык режими менен таанышты. Делегацияны Инвестицияларды илгерилетүү, өнөр жай жана экономикалык эгемендүүлүк боюнча министр-делегат Артур Лилас Тримуа жетектеди. Делегациянын курамында парламенттин мүчөсү, Экономикалык маселелер боюнча комитеттин төрагасы Мавусси Джоссу Семонджи, сенатор, Каржы маселелери боюнча комитеттин

Ишкер Media