Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери тажрыйба алмашууну көздөшөт

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери  тажрыйба алмашууну көздөшөт

10-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты.

"Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн форумга эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, адистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгын белгилеп, акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге чыкканын айтты.

Анын айтымында, парламенттер аралык байланыштар дагы өнүгүп, эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү багытына айланды. Төрага бул жетишкендиктерди жаш муунга өткөрүп, эки өлкөнүн достугун биргелешкен демилгелер аркылуу бекемдөө зарылдыгын белгиледи.

Форумда жаш парламентарийлердин кызматташтыгын туруктуу негизде улантуу, жаштардын коомдук-саясий иштердеги ролун жогорулатуу жана биргелешкен демилгелерди колдоо маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар жаш парламентарийлердин ортосунда тажрыйба алмашууну күчөтүү маанилүү экенин белгилешти.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткен облусунда туризм тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов облус башчысынын орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушуп, аймактагы туризмдин негизги маселелери жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Андан

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мыйзамсыз акча алмаштырууга карата көзөмөлдү Ош облустук башкармалыктын өкүлдөрү ишке ашырып, анын жүрүшүндө аталган жарандар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок нак чет

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткен районунда көп балалуу 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатта 36 энеге "Баатыр эне" ордени, ал эми 34 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун

Пенсияны жогорулатууга 4,4 млрд сом каралды

Пенсияны жогорулатууга 4,4 млрд сом каралды

Кыргызстанда 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү индексацияланып, минималдуу пенсия 8 800 сомго чейин жогорулатылат. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Бул чара президенттин 2026-жылдын 10-августундагы №278 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлөт. Маалыматка ылайык, пенсияларды индексациялоо коэффициенти пенсионерлерди кошумча колдоо максатында 1,20 өлчөмүндө белгиленди. Пенсиянын көбөйүшү