"Бишкекжылуулуктармагына" 56 миң сомго айыппул салынды
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасында пландуу текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди.
Текшерүүдө ишкананын автотранспортторунун техникалык абалы жана атмосферага чыккан зыяндуу заттардын көлөмү көзөмөлгө алынды.
Маалыматка ылайык, жыйынтыгында эки автоунаадан белгиленген ченемден ашык түтүн чыкканы аныкталды.
Мыйзам бузуу боюнча күнөөлүү жактарга жалпы 56 миң сом айып пул салынды.