Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда
Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн. Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт.
Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети саясий партиядан көрсөтүлгөн 545 талапкер катышууда. Өлкө боюнча 10 миңден ашык шайлоо участогу иштеп жатат.
Курултай Казакстандын 2026-жылдын июль айында күчүнө кирген жаңы Конституциясына ылайык түзүлдү. Анын негизинде буга чейинки Сенат жана Мажилистен турган эки палаталуу парламент жоюлуп, анын ордуна бир палаталуу парламент түзүлгөн. Жаңы система боюнча депутаттар партиялык тизмелер аркылуу пропорционалдык негизде шайланат. Бир мандаттуу округдар кайрадан жоюлду.
Шайлоого Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да катышып, Астана шаарындагы Көз карандысыздык сарайында жайгашкан №520 шайлоо участогунда добуш берди. Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын 30-августтан кечиктирбей жарыялоосу тийиш.
Реформага жол кандай болду?
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Сенатты жоюу идеясын биринчи жолу 2025-жылдын 8-сентябрындагы элге кайрылуусунда ачык айткан. Анын пикиринде, жогорку палата өлкөнүн мамлекет катары калыптануусунун алгачкы этабында туруктуулукту камсыз кылуу боюнча тарыхый миссиясын аткарган.
2026-жылдын 20-январында Кызылордо шаарында өткөн Улуттук курултайда Токаев жаңы бир палаталуу парламентке «Курултай» деген аталышты сунуштап, анын ыйгарым укуктары, төрагасы жана депутаттык корпусу тууралуу маалымат берген. Эртеси күнү Конституциялык комиссия түзүлүп, жаңы Конституциянын долбоору даярдалган. Долбоор Конституциянын дээрлик жарымына өзгөртүү киргизүүнү караган.
12-февралда долбоор коомчулукка жарыяланып, 15-мартта референдум өткөн. Ага катышкан шайлоочулардын дээрлик 90%ы жаңы Конституцияны колдогон, референдумга катышуу көрсөткүчү 72% болгон.
Курултайдын ыйгарым укуктары кандай болот?
Жаңы парламенттин жогорку палатасы болбойт, бирок анын айрым ыйгарым укуктары кеңейтилди. Курултай:
- вице-президентти дайындоого макулдук берет;
- премьер-министрди дайындоого макулдук берет;
- судьяларды жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн дайындоо маселелерине катышат;
- Жогорку аудитордук палатанын курамына байланыштуу чечимдерди кабыл алат;
- согуш жана тынчтык маселелери боюнча чечим чыгарат;
- президенттик шайлоону дайындоого укуктуу;
- референдум өткөрүү боюнча сунуш киргизе алат.
Ошондой эле өзгөчө кырдаал же согуш абалы учурунда, президенттин ыйгарым укуктары аяктаганга чейинки акыркы алты айда жана парламент мурда таркатылгандан кийинки бир жыл ичинде Курултайды таркатууга болбойт.
Курултайдын төрагасын депутаттар өздөрү эмес, президент сунуштайт.