ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз ташыйт.

Транспорттук тейлөө үч негизги багыт боюнча уюштурулат:

  • Баает айылы – Кырчын жайлоосу;
  • Чолпон-Ата шаарындагы ат майданы – Кырчын жайлоосу;
  • Жаркынбаев айылы – Кырчын жайлоосу.
Бардык кичи автобустар техникалык кароодон өткөрүлүп, талаптарга ылайык даярдалат. Айдоочулар да атайын инструктаждан өтүшөт. Ошондой эле транспорттун үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо үчүн 15 резервдик кичи автобус каралган.

Транспорт департаменти жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууну жана тартылган кызматтардын ишин координациялайт. Мындан тышкары, наркологиялык жана психологиялык коштоо боюнча адистер да иш алып барат.

Жолугушууда шаар мэри Айбек Джунушалиев транспорттук камсыздоого катышуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөрүн белгиледи.

Ошондой эле ал айдоочулардын катышуусуна байланышкан бардык чыгымдарды мэрия өз мойнуна аларын айтты. Анын ичинде айдоочулардын жатаканасы, тамак-ашы жана транспорт бузулган учурда техникалык колдоо көрсөтүү камсыздалат.

Жыйын соңунда мэр айдоочуларды алдыдагы ишке жоопкерчилик менен мамиле жасап, оюндардын катышуучуларына жана конокторуна сапаттуу кызмат көрсөтүүгө чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media
Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Биринчи айым Айгүл Жапарова Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңештин биринчи жыйынына катышты. Анда биринчи айым аялдарды колдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана санариптик доордо балдарды коргоо маселелерине токтолду. Ал үй-бүлөнүн биримдигин чыңдоого жана балдарга бактылуу балалык тартуулоого

Ишкер Media
Бишкекте салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот

Бишкекте салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот

Бишкекте жаңы салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот. Бул тууралуу жол салып жаткан компаниянын жетекчиси Русланбек Кайымбаев журналисттерге билдирди. Долбоорду "Тез жол" компаниясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен ишке ашырууда. Курулуш келерки жылдын май айында аяктайт деп пландалып жатат. Узундугу 16 чакырымдан

Ишкер Media
Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media