Дүйнөлүк бажы уюмунун өкүлү “Торугарт” өткөрүү пунктунда болду

Дүйнөлүк бажы уюмунун өкүлү “Торугарт” өткөрүү пунктунда болду

Кече Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Иэн Сондерс (Ian Saunders) КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы У.А. Кимсанов менен бирге “Торугарт” автомобилдик өткөрүү пунктунда болду. Бул тууралуу аталаган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш сапардын жүрүшүндө конокторду өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгү, инфраструктураны модернизациялоо, бажы жол-жоболорун санариптештирүү жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жакындан тааныштырышты.

Маалыматка караганда, Иэн Сондерс мырза “Смарт Бажы” санариптик экосистемасына, заманбап техникалык көзөмөл каражаттарын колдонууга, электрондук кезекке жана кыргыз-кытай багытында “Акылдуу чек ара” концепциясын өнүктүрүү келечегине өзгөчө көңүл бурду.

Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын бажы администрациясын өркүндөтүү, чек арадан өтүү жол-жоболорунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана товарлардын өтүүсүн тездетүү үчүн шарттарды түзүү багытында жетишилген натыйжалар көрсөтүлдү.

Ушул эле күнү Дүйнөлүк бажы уюмунун өкүлү үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын контролдук-аналитикалык инструменттеринин презентациясы уюштурулду.

Билдирүүгө караганда, Мамлекеттик бажы кызматынын жана “Бирдиктүү терезе» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү конокту бажы операцияларын талдоо жана контролдоо үчүн колдонулган маалыматтык системалардын мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, таргет-борбордун ишин көрсөтүштү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда чет өлкөлүк элчиликтерди камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотуу сунушталууда

Кыргызстанда чет өлкөлүк элчиликтерди камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотуу сунушталууда

КРнын Социалдык фонду өлкөдө иштеген чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү жана консулдук мекемелерди жумуш берүүчүнүн эсебинен төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотууну сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документке ылайык, элчиликтер жана консулдуктар жумуш берүүчү катары социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат. Бирок кызматкерлердин эмгек акысынан кармалуучу төгүмдөрдү эсептөө жана Социалдык фондго

Ишкер Media
Кыргызстандык балбан Кубаныч Арынов дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Кыргызстандык балбан Кубаныч Арынов дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Кыргызстандык балбан Кубаныч Арынов АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан U23 дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады. Билдирүүгө караганда, ал грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта күч сынашты. 1/8 финалда АКШлык Максвелл Хоппер Блэкти 64 секундада 8:0 эсебинде жеңди.

Ишкер Media
Чүйдө мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 582 миң айып пул салынды

Чүйдө мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 582 миң айып пул салынды

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Чүйдө миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк 86 жаранга 582 миң 500 сом айып пул салды. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти. Облустук милиция кабарлагандай 1-октябрдан 10-октябрга чейин чет элдиктер иштеген 18 ишкана текшерилип, мыйзам бузган чет өлкөлүк 86 жаран аныкталган. Бул иш-чараны

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курал менен жүргөн жаранга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курал менен жүргөн жаранга айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгы мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Маалыматка караганда, рейд учурунда Москва районундагы №5 корук участогунда уруксат кагазы жок пневматикалык курал салып жүргөн жаран аныкталды. Унааны текшерүүдө мыйзамсыз олжолонгон кыргоол жана балыктар табылган. Факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык чара көрүлүп,

Ишкер Media