Чүйдө уруксатсыз курал менен жүргөн жаранга айып салынды
Жаратылыш ресурстары министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгы мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, рейд учурунда Москва районундагы №5 корук участогунда уруксат кагазы жок пневматикалык курал салып жүргөн жаран аныкталды. Унааны текшерүүдө мыйзамсыз олжолонгон кыргоол жана балыктар табылган.
Факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык чара көрүлүп, жаранга 10 миң сом айып пул салынды.
Министрлик жарандарды жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоого чакырат. Рейддер мындан ары да улантылары кошумчаланган маалыматта.