Майыптыгы бар жергиликтүү кеңештердин депутаттары ЖКте болушту

Майыптыгы бар жергиликтүү кеңештердин депутаттары ЖКте болушту

Кыргызстанда майыптыгы бар 52 адам жергиликтүү кеңештердин депутаты болуп иштеп жатат. Алардын 22си өлкөнүн жети облусунан Бишкекке келип, биринчи жолу Жогорку Кеңеште уюштурулган жолугушууга катышышты. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешов билдирди.

Анын айтымында,  жолугушууда жергиликтүү кеңештердин депутаттары өз аймактарындагы көйгөйлөрдү көтөрүштү. Парламент төрагасы Марлен Маматалиев айтылган маселелер мыйзам долбоорлорун, өзгөчө республикалык бюджетти кароодо эске алынарын билдирди.

Бекешовдун билдирүүсүнө караганда, 2021-жылы шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленип, жергиликтүү кеңештерге шайлоодо майыптыгы бар адамдар үчүн квота берүү каралган.

Бул өзгөртүүлөр майыптыгы бар жарандардын жергиликтүү бийлик органдарында өкүлчүлүгүн камсыздоого жана чечим кабыл алуу процессине катышуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн.

Бүгүнкү күндө алар өз шайлоочуларынын кызыкчылыгын коргоп, аймактардагы көйгөйлөрдү өлкө парламентинин деңгээлинде көтөрүп жатышат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Ереванда COP17 Лидерлер саммитине келди

Садыр Жапаров Ереванда COP17 Лидерлер саммитине келди

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Армения Республикасынын Ереван шаарында өтүп жаткан БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинин ишине катышууда. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мамлекет башчысын иш-чара өтүп жаткан “Меридиан” көргөзмө борборунан Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян жана БУУнун Башкы катчысы Антониу

Ишкер Media
Бишкекте айрым жолдор убактылуу жабылат

Бишкекте айрым жолдор убактылуу жабылат

21-25-октябрда Бишкек шаарында Усубалиев атындагы аянттын айланасындагы айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалым болгондой, буга 23-25-октябрда өтө турган "АгроТехЭкспо - 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкелери себеп болот. Жарманкеде дыйкандардын, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциялары, айыл

Ишкер Media
Бишкек жана Нагоя көмүртек бөлүп чыгарууну азайтуу боюнча кызматташат

Бишкек жана Нагоя көмүртек бөлүп чыгарууну азайтуу боюнча кызматташат

Бишкекте Япониянын Нагоя шаарынын өкүлдөрүнүн жумушчу сапары өттү. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда шаардык инфраструктурадан бөлүнүп чыккан көмүртектин көлөмүн азайтуу, энергия натыйжалуулугун жогорулатуу жана шаардык чөйрөнүн сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, тиешелүү бөлүмдөр жана муниципалдык ишканалар менен өткөн жолугушууда тараптар жылуулук менен камсыздоо системаларын модернизациялоону, энергия үнөмдөөчү

Ишкер Media
Кыргызстан билим берүү реформасы үчүн Евробиримдиктен 6 млн евро грант алды

Кыргызстан билим берүү реформасы үчүн Евробиримдиктен 6 млн евро грант алды

Кыргызстан билим берүү тармагындагы реформалардын жыйынтыгы үчүн Европа Биримдигинен 6 млн евро грант алды. Бул болжол менен 592 млн сом. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, каражат "Билим берүү тармагын реформалоо боюнча келишим" (ESRC) программасынын алкагында берилди. Программанын өзгөчөлүгү - акча алдын ала берилбейт. Каражат өлкө макулдашылган шарттарды

Ишкер Media