Бишкекте айрым жолдор убактылуу жабылат
21-25-октябрда Бишкек шаарында Усубалиев атындагы аянттын айланасындагы айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, буга 23-25-октябрда өтө турган "АгроТехЭкспо - 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкелери себеп болот.
Жарманкеде дыйкандардын, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциялары, айыл чарба тармагындагы жетишкендиктер, заманбап технологиялар жана техникалар көрсөтүлөт.
Унаа кыймылы чектелген аймактар:
• Раззаков көчөсү - Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
• Орозбеков көчөсү - Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
• Эски аянт - Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин;
• Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын айланасы.
Мындан тышкары, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкектеги филиалынын айланасында (эски ТИМдин имараты) коноктор үчүн атайын унаа токтотуучу жай уюштурулат.
Чектөө иш-чараны уюшкандыкта өткөрүү жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында киргизилет.
Тургундардан жана айдоочулардан каттамдарын алдын ала пландаштырып, альтернативдүү жолдорду тандоо жана жол белгилерин сактоо өтүнүлөт.