Бишкек жана Нагоя көмүртек бөлүп чыгарууну азайтуу боюнча кызматташат
Бишкекте Япониянын Нагоя шаарынын өкүлдөрүнүн жумушчу сапары өттү. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушууда шаардык инфраструктурадан бөлүнүп чыккан көмүртектин көлөмүн азайтуу, энергия натыйжалуулугун жогорулатуу жана шаардык чөйрөнүн сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды.
Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, тиешелүү бөлүмдөр жана муниципалдык ишканалар менен өткөн жолугушууда тараптар жылуулук менен камсыздоо системаларын модернизациялоону, энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүүнү жана шаарлар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин карашты.
Өзгөчө көңүл билим берүү мекемелерине бурулду. Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен №16, №34 жана №92 мектептердин имараттарын жылуулоо жана жылуулук насосторун орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул жылытууга кеткен чыгымды азайтып, окуучулар үчүн ыңгайлуу шарт түзөт.
Нагоя шаарынын өкүлдөрүнүн сапары тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болду. Тараптар энергия натыйжалуулугун жогорулатуучу технологияларды өнүктүрүү боюнча биргелешкен демилгелерди талкуулады.
Кызматташтыктын кийинки этабында Бишкек жана Нагоянын ортосунда эки жылдык өнөктөштүк программасы боюнча меморандумга кол коюу пландалууда. Документ көмүртек бөлүп чыгарууну азайтуу жана туруктуу өнүктүрүү жаатында биргелешкен долбоорлорго негиз түзөт.